Аксы районунда 61 жаштагы айыл башчы пневмониядан каза болду

Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Нарын айылынын башчысы Абдыкайым Төлөбаев 2-августта каза болду. Бул тууралуу Үч-Коргон айыл аймагынын башчысынын орун басары Ырысбек Бабаназаров «Турмуш» басылмасына билдирди.

61 жаштагы айыл башчы 10 күн мурун эки тараптуу пневмония диагнозу менен аймактык ооруканага жаткырылган. Бирок Төлөбаевдин абалы начарлап кетип көз жумган.

«Анын сөөгүн райондон келген атайын медициналык топ акыркы сапарга узатты. Аны менен байланышта болгон үй-бүлөсү үй карантинге алынды. Кечээ күнү үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна айыл өкмөттүн кызматкерлеринен да анализ алуу боюнча кайрылганбыз. Биз да анализ тапшырабыз», — деп билдирген Бабаназаров.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, өлкөдө акыркы сутка ичинде коронавирус жана ал шарттаган пневмониядан улам 11 адам кайтыш болгон. Жалпысынан илдеттен каза болгон бейтаптардын саны 1 420га жетти.

Жалал-Абад облусунда коронавирустун жалпы 3 214 учуру катталган. Алардын ичинде 2 333 бейтап илдеттен айыгып, 136 киши көз жумду.