Кой-Таштагы окуя боюнча сот онлайн режимде өтөт

КСДП партиясынын мүчөсү Кундуз Жолдубаева фейсбуктагы барагында Кой-Таш айылындагы окуялар боюнча сот отуруму онлайн режимде өтөөрүн билдирди. Бул иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев башкы айыпталуучу катары өтүүдө. Жолдубаевага дагы аталган иште айып тагылган.

Анын айтымында, сот отурумун онлайн өткөрүү үчүн ТИЗО-1 менен байланыш түзүлгөн.

Судебный процесс по событиям в Кой-Таше будет проходить в он-лайн режиме. Установлена конференц-связь с СИЗО-1....

Posted by Kunduz Zholdubaeva on Sunday, August 2, 2020

28-июлда судья Марат Сыдыков сот отурумдарын онлайн өткөрүүнү сунуштаган. Мындай сунушка адвокаттардын жана прокурорлордун ооруп жатканы, ал эми ТИЗОдо камакта отурган айыпталуучулар сот процессине алып келинбей жатканы себеп болгон.

Бирок мурдагы президенттин адвокаты Сергей Слесарёв «Клоопко» айтып бергендей, эгер сот отурумдары онлайн өткөрүлсө, бул Жазык-процесстик кодексти (ЖПК) бузуу болуп саналат.

«ЖПКда судья айтып жаткан түрдөгүдөй процедуралар жок. Менимче бул ЖПКны бузуу, анткени бул кодекстин чегинен чыгуу», — деп айткан Слесарёв.

Адвокат Замир Жоошев дагы ушундай ойдо. Анын айтымында, айыпталуучулар онлайн процесс учурунда коргоого болгон укугунан ажырап калышат.

«Онлайн отурум учурунда биз - адвокаттар жактоого алган адамдар менен кылмыш ишинин чоо-жайын жана конституция кепилдеген юридикалык жардам берүүгө байланыштуу маселелерди жеринде сүйлөшө албай калабыз», — деп жазган Жоошев.

Ошол эле учурда, Жогорку сот Бишкектин сот залдарында сот отурумдары 7-июлдан бери онлайн өтүп жатканын маалымдаган.

Соттон билдиришкендей, мындай чечим процесстин катышуучуларынын чогулуусун азайтып, коронавирустун жайылышын алдын алат.

Пандемиядан улам отурумга катышпаган тараптар

Сот процессине катышып жаткан адвокаттар бир нече жолу судьядан Кой-Таш окуялары боюнча отурумду жылдырууну суранышкан. Андай өтүнүчтөргө жабырлануучу тараптын келбей, адвокаттардын ооруп калышы жана коронавируска байланыштуу кырдаалдар себеп болгон.

Бул иштин үстүнөн иштеп жаткан прокурор Рустам Кожобеков менен адвокат Кайрат Загибаев көз жумгандан кийин дагы адвокаттар отурумду жылдырууну өтүнүшкөн, бирок судья сот отурумдарын бир аптада бир нече жолу дайындоону уланта берген.

Кой-Таш айылындагы окуялар

Бийлик мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүн эки күнгө созулган штурмга алуудан кийин 8-августта кармаган. Штурм учурунда бир спецназчы каза таап, 100гө чукул адам жабыркаган.

Күч органдары Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча суракка үч жолу келбей койгондон кийин үйүн штурмга алууну чечкен. Атамбаев күбө катары суракка алынмак, бирок кармалгандан кийин анын макамы шектүүгө өзгөргөн.

Штурмдун биринчи күнү, 7-августта, Атамбаевдин тарапташтары атайын операция жүргүзүп жаткан УКМКнын алты кызматкерин туткунга алышкан.

Атамбаев камалгандан кийин ңал айыпталуучу катары өтүп аткан «Массалык баш аламандыкты уюштуруу», «Адамдарды барымтага алуу», «Адам өлтүрүү» жана «Адам өмүрүнө кол салуу» беренелери боюнча бир нече кылмыш иштери козголгон.

Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу иш боюнча сот Атамбаевди 11 жыл эки айга кескен. Ошондой эле, сот анын мүлкүн конфискациялоону чечкен.