Жол кырсыктан жабыркаган ырчы Асел Кадырбекова ооруканадан чыкты

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтунун директору Сабырбек Жумабеков жол кырсыгына кабылган ырчы Асел Кадырбекова ооруканадан чыгарылганын билдирди.

Дарыгердин айтымында, ырчынын ооруканадан чыкканына 10 күндөй болуп калды жана ал үйүндө реабилитациядан өтүүнү улантып жатат.

«Акырегине операция жасалган. Өзү басып, тамак ичип, сүйлөп, абалы алда канча жакшырып калган. Учурда ден соолугун калыбына келтирүү процесси болуп жатат», — деди Жумабеков.

Тез чара көрүү тобунун унаасы катышкан жол кырсык 26-июнда Бишкек шаарында болгон. Окуя байкоо жүргүзгөн камераларга түшүп калган. Анда тез чара көрүү тобунун автоунаасы катуу ылдамдык менен баратып, эстрада ырчысы Асел Кадырбекова айдап бараткан «Тойота» үлгүсүндөгү машинаны сүзгөн.

Ырчы айымдан тышкары жол кырсыгынан тез чара көрүү тобунун автоунаасындагы жүргүнчү менен айдоочу жабыркаган — анын бирөөсүнүн мээси чайкалган, бирок абалы туруктуу. Баарынан Кадырбекова катуу жабыркап, комага түшүп калган. Анын баш сөөгү жабыркап, моюн омурткалары сынып кеткен.

«Жол кырсыгы КЖБРге катталып, “Жол кыймылы коопсуздугунун жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Шектүү адам кармалды. Ал ооруканада жатат, ага коштомо күзөт бекитилди», — деп билдиришкен 30-июнда Бишкек ШИИБи.

Ведомствонун маалыматы боюнча, Свердлов райондук соту шектүүнүн баш коргоо чарасын ТИЗО-1де бир айга камалсын деп тандаган.