Коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 38 миңден ашты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 5-августта коронавирустун жаңы 569 учуру катталганын кабарлашты.

Ооруга чалдыккандардын 155инде COVID-19 лабораториялык тастыкталган. Ош шаарында — 58, Жалал-Абад облусунда — 22, Бишкек шаарында — 4, Баткен облусунда — 29,Чүй облусунда — 10, Ош облусунда — 23, Талас облусунда — жети, Нарын жана Ысык-Көл облустарында — бирден кишиде коронавирус лабораториялык аныкталды.

Коронавирустун калган 414 учуру клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган. Анын ичинен эң көп учур Бишкек шаарында катталды — 186. Мындан сырткары Чүй облусунда — 35, Жалал-Абад облусунда — 25, Ош облусунда — 41, Ысык-Көл облусунда — 40, Талас облусунда — 36, Нарын облусунда — 12,Ош шаарында — 26 жана Баткен облусунда — 13 учур катталды.

Жалпысынан COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 38 110го жетти. Бул статистикага коронавирус жана ал пайда кылган ооруканадан тышкаркы пневмония менен ооругандар кирет.

Ал эми Кыргызстанда коронавирус менен ооруган бейтаптардын 29 509у айыгып, 1 438 киши көз жумду. Учурда ооруканаларда 7 170 бейтап дарыланып жатат.