Москвада мекенине кайтууга жардам берем деп алдаган эки кыргыз жараны кармалды

Шектүүлөр. Сүрөт: Ички иштер министрлиги

Орусиянын Москва шаарында Кыргызстанга жөнөтүү үчүн элчиликтин тизмесине киргизем деп кыргызстандыктарды алдаган эки кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги 4-августта билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-июлда ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө 26 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Жабырлануучунун айтымында, ал 17-июлда Кыргызстандын Москвадагы консулдук бөлүмүндө мекенине кайтуу үчүн кайрылган. Ошол эле жерде белгисиз адам ага мекенине кайтууга жардамын сунуштап, андан акча алып изин жашырган.

ИИМдин өкүлчүлүгү Орусиянын укук коргоо органдары менен биргеликте иш жүргүзүп, 30 жаштагы шектүүнү кармады.

Ошол эле күнү милицияга 22 жана 34 жаштагы кыргызстандыктар кайрылышып, өзүнү «элчиликтин кызматкери» деп тааныштырган кыз аларды тизмеге киргизүү үчүн 60 миң рубль алганын билдиришкен. Бул арыздын натыйжасында укук коргоо органдары 23 жаштагы шектүүнү кармаган.

Кармалган эки жаранга карата «Алдамчылык» беренеси менен иш козголду.

Кыргыз өкмөтү коронавируска байланыштуу 20-мартта бардык эл аралык каттамдарды токтоткон. Ошол эле учурда кыргыз жарандарын өлкөгө кайтаруу үчүн Орусиянын Москва жана Новосибирск шаарларынан бир жумада бир каттам уюштурууда.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бала-чакалуу, кош бойлуу аялдарды, ден соолугу начар мигранттарды мекенине кайтаруу үчүн атайын комиссия түзгөн. Орусиядагы кыргыз диаспорасы жана атайын штабдын мүчөлөрүнөн турган комиссия мигранттардын тизмесин түзүп, аларды Кыргызстанга жөнөтүү чечимин кабыл алат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Пандемия убагында кыргыз мигранттары жардам сурап кайда кайрыла алаарын түшүндүрөбүз