Коронавирус дагы 549 кишиден аныкталды — жалпы 38 659 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Республикалык штаб

Республикалык штабдан 6-августта коронавирустун жаңы 549 учуру катталганын кабарлашты.

Ооруга чалдыккандардын 110унда COVID-19 лабораториялык тастыкталган. Ош шаарында — 48, Жалал-Абад облусунда — 7, Бишкек шаарында — 4, Баткен облусунда — 26,Чүй облусунда — 6, Ош облусунда — 13, Нарын облусунда — бир жана Ысык-Көл облусунда — беш кишиде коронавирус аныкталды.

Коронавирустун калган 439 учуру клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган. Анын ичинен эң көп учур Бишкек шаарында катталды — 158. Мындан сырткары Чүй облусунда — 32, Жалал-Абад облусунда — 37, Ош облусунда — 58, Ысык-Көл облусунда — 40, Талас облусунда — 36, Нарын облусунда — 11,Ош шаарында — 33 жана Баткен облусунда — 34 учур катталды.

Жалпысынан COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 38 659га жетти. Бул статистикага коронавирус жана ал пайда кылган ооруканадан тышкаркы пневмония менен ооругандар кирет.

Ал эми Кыргызстанда коронавирус менен ооруган бейтаптардын 30 099у айыгып, 1 447 киши көз жумду. Учурда ооруканаларда 7 165 бейтап дарыланып жатат. Алардын ичинен 2 064 кишиде COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми 5 101 учур клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.