Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын 78 пайызы айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 6-августта бир сутка ичинде коронавирустан 589 бейтап айыкканын кабарлады.

Илдеттен арылгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 104. Ошондой эле, илдеттен Чүй облусунда — 84, Ысык-Көл облусунда — 76, Ош шаарында — 55, Ош облусунда — 98, Жалал-Абад облусунда — 68, Нарын облусунда — 27, Баткен облусунда — 62 жана Талас облусунда — 15 бейтап сакайып үйлөрүнө чыгарылды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19дан 30 099 бейтап айыкты — бул жалпы оорулуулардын 78 пайызын түзөт.

Өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 38 659га жетти. Аталган илдет 1 447 кишинин өмүрүн алды. Учурда ооруканаларда 7 165 бейтап калууда.