Москвадан Ошко дагы 155 кыргызстандык кайтып келди

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Республикалык штаб

Кыргызстандыктарды Орусиянын Москва шаарынан алып келген чартердик каттам Ош шаарына 5-августта конду. Мекенине кайтууну каалагандардын тизмеси алдын ала кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн куралган атайын комиссия тарабынан түзүлгөн.

Ал эми тизмеге кирүү үчүн кыргызстандыктар буга чейин жеке арыз менен Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине кайрылышкан.

«Тизмеге Орусияда окуган студенттер, төрөтүнүн мөөнөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары барлар, оор илдеттери бар жана буга чейин Орусияга хирургиялык операция жана башка олуттуу медициналык процедураларды жасатууга келген жарандар, жакын туугандарынын өлүмүнө байланыштуу кайтууга мажбур болгон жарандар кирди», — деп жазылат Республикалык штабдын маалыматында.

Бирок айрым кыргыз мигранттары атайын комиссия тизмени акыйкатсыз түзүп жатат деп айтып чыгышкан. Буга чейин Кыргызстанга кайткан учак менен жаш улан-кыздардын кайтып келиши да талкууга алынып, нааразычылык жараткан.

Коронавирус дүйнө жүзү боюнча кескин жайылып баштаганынан улам көптөгөн өлкөлөр эл аралык авиакаттамдарды токтотушкан. Буга байланыштуу чет өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктар мекенине кайта албай калышты. Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарын кайтаруу үчүн чартердик каттамдарды уюштурууну улантууда.

Кыргызстан башка өлкөлөрдөй эле коронавирус пандемиясынан улам март айында чек араларын жаап, эл аралык жана ички авиа каттамдарды токтоткон — алар 5 айга чукул убакыттан бери иштебей келет. Бирок «Манас» аэропорту жүк жана чартердик рейстерди тейлеп жатат. 8-июндан тарта Кыргызстанда бардык ички авиарейстер иштеп баштаган.

29-июлда Кыргызстан Түркия, Казакстан, Орусия жана БАЭ өлкөлөрүнө августтан тарта авиа каттамдарды ачып, жумасына бир нече каттам уюштурууну сунуштаган. 3-августта бул өлкөлөр авиа каттамдарды азырынча жандандыруудан баш тартканы белгилүү болгон.

Бирок 5-августа Туркия Кыргызстан менен аба каттамдарын жарым-жартылай жандандырды. Стамбул — Бишкек — Стамбул аба каттамы жумасына эки жолу учуп турат.

Мурдараак премьер-министр Кубатбек Боронов эпидемиологиялык кырдаал турукташса, биринчи кезекте Орусия, Түркия жана БАЭ менен авиакаттамдар жанданаарын билдирген.