Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлү болуп жаңы дайындалган Балбак Түлөбаев 1916-жылы Үркүндө каза болгондорго арналып коюлган «Кырк шейит» мемориалдык комплексинде элге ак кызмат кыларын айтып ант берди.

«Ыйык ата-бабалардын күмбөзүнүн жанында турам. Уурдабайм, уурдатпайм, уурунун баарынын колун кесем. Адилеттүү түрдө силерге кызмат кылып берем, куламдан келишимче, билимимдин жетишинче. Эл менен, айыл өкмөттөр менен, сиздер менен кеңешип бардыгын татынакай кылып, колдон келишинче элге кызмат кылам», — деп сөз берди.

Мемориалдык комплекске облус жетекчилиги 5-августта келип куран окушкан.

"Кырк шейит" мемориалдык комплексинде Улуу Үркүн учурунда каза болгондорго куран окулду

Posted by Полномочное представительство on Wednesday, August 5, 2020

Түлөбаев 27-июлда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Ал 2018-жылдын август айынан бери Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын башчысы болуп эмгектенип келген.

Ага чейин «АЮ Гранд Комфорт» соода борборунун башкы директорлугун аркалаган. Ошол эле маалда «АЮ Холдинг» көп тармактуу компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү жана вице-президенти болуп эмгектенген.

Ал 1972-жылы 21-сентябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көл-Төр айылында туулган. Түлөбаев Бишкектеги Скрябин атындагы кыргыз айыл чарба институтунун ветеринар факультетин аяктаган. Андан кийин 1992-1997-жылдары Түркиянын Стамбул университетинин токой-чарба факультетинен токой-чарбасы инженери адистиги боюнча билип алган.

Ошондой эле, 2001-жылы Скрябин атындагы кыргыз аградык университетинин Инженер-эколог адистигин бүтүргөн. Ал эми 2009-жылы КР президентинин алдындагы башкаруу академиясынан менеджмент багыты боюнча билимин тереңдеткен.