Кара-Сууда курулуп жаткан жугуштуу оорулар бейтапканасы сентябрда ишке берилет

Ош облусунун Кара-Суу районунун Баш-Булак айылындагы жугуштуу оорулар бейтапканасы күздө пайдаланууга берилет. Учурда эски кесиптик лицейдин имараты реконструкциядан өткөрүлүүдө. Анда 150 орундуу оорукана ачылат.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова «Клоопко» билдиргендей, мындай чечимди премьер-министр Кубатбек Боронов 25-июлда Ош облусуна болгон сапарында кабыл алган.

«Премьер-министр кесиптик лицейдин имаратын жеринен көрүп, 1-сентябрдан инфекциялык оорукана катары иштей баштаарын билдирген. Коронавирус пандемиясы бүткөндөн кийин терапиялык оорукана катары кызмат көрсөтөт», — деди Кадырбекова.

Ошондой эле Кадырбекова учурда бейтапкананын сырткы жылытуу системасы толугу менен бүтүп, ичин жылытуу үчүн түтүктөрдү орнотуу иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалады. Оңдоо иштерине 53 киши тартылган.

Боронов 28-июлдагы брифингде билдиргендей, COVID-19дун экинчи толкунуна даярдануу үчүн өкмөт муниципалдык имараттарды жугуштуу оорулар бейтапканаларына ылайыкташтырып жабдыйт. Бийлик июль айында коронавирус күч алып, ооруканаларда орун жетишпей калгандан кийин ушундай чечимге келген.

Ош шаарындагы жугуштуу оорулар бейтапканасынын курулушу 25-июлда башталган. Оорукананын капсула салуу иш-чарасына Боронов, калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов жана медицина кызматкерлери катышышкан.

Андан бир аптадан кийин Нарын шаарында жаңы инфекциялык оорукананын курулушу башталды. Аталган калаада бейтапкана уюштуруу үчүн капиталдык ремонттон өткөрүүгө ылайыктуу имарат болбогондуктан, өкмөт жаңы имарат куруу чечимин кабыл алган. Ал 70 орунга ылайыкталган.

Ошондой эле Баткен шаарындагы Үй-бүлөлүк медицина борборунун эски имараты жугуштуу оорулар ооруканасына айлантуу иштери жүргүзүлүүдө.

7-июлга карата өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны 39 162ни түздү. Анын ичинен 6 686сы Ош облусунда катталган. COVID-19 жалпы 1 451 кишинин өмүрүн алды, ал эми илдеттен 30 764 бейтап айыкты.