Өлкөдө коронавирустан каза болгондордун саны 1451ге жетти

Иллюстративдик сүрөт

Акыркы суткада COVID-19га чалдыккан дагы төрт бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб 7-августта билдирди.

Коронавирустан каза болгондор Ош, Жалал-Абад, Талас жана Нарын облустарында катталды. Жалпысынан Кыргызстанда илдеттен 1 451 киши көз жумду — алардын арасында расмий түрдө 73 медкызматкер бар.

Өлкөдө коронавирус менен ооругандардын саны 39 162ге жетти — өткөн суткада жаңы 503 учур катталды. Ал эми жалпысынан 30 764 киши илдеттен сакайды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.