УКМК: ИИМдин төрт кызматкери кесиптештеринен 2000 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды

Иллюстративдик сүрөт

8-августта Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын 3-батальонунун командири, милициянын подполковниги жана анын орун басары, милициянын лейтенанты кесиптештеринен акча алган учурда кармалышкан.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети «Азаттык» радиосуна билдирген.

«Кармалгандар кол алдындагылардан жумуш ордунда калтыруу үчүн 2000 доллар талап кылганын, аны берүүдөн баш тартса ички иштер органдарынан кетирерин айтып, опузалаганы белгилүү болгон. Кармалгандар УКМКнын Тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Тергөө уланып жатканы кабарланды», — деп жазылат басылмада.

Бул факт Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине «пара талап кылуу» беренеси менен катталды.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын 2-июлунда Ош облусунун Ноокат райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын башчысы 50 миң сом пара менен кармалган. ИИМдин ички иликтөө кызматына аталган райондун тургуну кайрылып, сотко чейинки өндүрүштү кыскартуу үчүн 80 миң сом опузалаган милиционерге чара көрүүнү суранган.

Мындан сырткары аталган райондо 2019-жылдын 3-декабрында патрулдук милиционер айдоочудан жол эрежесин бузгандыгы үчүн эки миң сом пара алып, андан кийин дагы 8 миң сом талап кылган жеринен кармалган.