ИИМ: Ноокатта милициянын тергөө кызматынын башчысы пара менен кармалды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Хамидулло Узаков/Kloop.kg

Ички иштер министрлиги 2-июлда ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош облусунун Ноокат районудук ИИБинин тергөө кызматынын башчысы пара менен кармалганын маалымдады.

ИИМдин ички иликтөө кызматына аталган райондун тургуну кайрылып, сотко чейинки өндүрүштү кыскартуу үчүн 80 миң сом опузалаган милиционерге чара көрүүнү суранган.

«2020-жылдын 2-июль күнү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда милициянын майору, тергөө кызматынын башчысы кызматтык бөлмөсүндө 50 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды», – деп жазылат билдирүүдө.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин «Опузалап пара алуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Ишти Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы иликтеп жатат.

Ноокатта инспектор 5 миң сом пара менен кармалды