COVID-19дан дагы алты адам каза болду — жалпы 1 474 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 7-августта билдиргендей, акыркы суткада COVID-19га чалдыккан дагы алты бейтап көз жумду.

Коронавирустан каза болгондордун үчөө Бишкек шаарында катталды. Ошондой эле Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Баткен облустарында бирден бейтап дүйнө салды.

Жалпысынан Кыргызстанда илдеттен 1 474 киши көз жумду — алардын арасында 30июлдагы маалымат боюнча 73 медкызматкер бар.

Бишкек шаардык мэриясы 29-августта коронавирустан улам каза болгон жарандарды эскерүү үчүн «Эскерүү шамы» акциясын өткөрөт. Буга чейин, 30-июлда, пандемия маалында көз жумгандардын элесине арналып Улуттук аза күтүү күнү белгиленген.

10-августка карата өлкөдө коронавирустун жалпы 40 177 учуру катталды — алардын ичинде 32 229 киши илдеттен сакайды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.