Ошто нааразычылык акцияга чогулган ишкерлер «органдагылар» келгенден кийин тарап кетишти

Чогулган аялдар менен сүйлөшүү үчүн келген белгисиз эркек кишилер. Сүрөт: Хамидулло Узаков/Kloop.kg

Ош шаарындагы тойканалардын ээлери нараазычылык билдирип 10-августта Ош улуттук драма театрынын алдына чогулушмак. Бирок ишкер аялдардын бардыгы чогулганга чейин ондой эркек киши келип сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн соң алар көйгөйлөрүн айтуудан баш тартышты.

Эмне болду?

Калаадагы чоң тойканалардын ээлери иштөөгө уруксат берүүсүн суранып, ал эми салык кызматы жеңилдик бербей жер салыгынын туумун кошуп төлөөсүн талап кылып жатканын айтып берүүгө Ош драма театрынын алдына чогулуу үчүн журналисттерди чакырышкан.

Театрдын алдына эки гана аял ишкер келип, калган 12 кишинин келүүсү күтүлүп жаткан. Бирок көп өтпөй онго жакын эркек келип, аялдардын бирин четке тартып сүйлөшүштү. Ал белгисиз кишилерге акция учурунда «коркунучтуу маселе» жоктугун айтты.

«Бул жерде эч нерсе жок да балдар. Биз жөн эле ресторандарды иштетсин, аралыкты сактайбыз, гигиеналык талаптардын баарына жооп беребиз деп эле айтабыз. Үнүбүз коомчулукка, бийликке жетсин», — деди ал.

Кишилердин бири ишкерлерден эмне үчүн нараазы экенин сураганда алар жергиликтүү бийлик ишкерлерге колдоо көрсөтпөй, көңүл бурбай жатканын айтышты.

«Бизге эч кандай жеңилдетүү болбой жатат. Башка кичине имараттар иштеп жатат, 20 орундуу жерлерде 50 адам отуруп жатат. Биздики 400-600 орундуу болсо ошол жерде аралыкты 2 эмес 5 метрден сактайт элек», — деп айтты ресторан ээлеринин бири.

Ошондой эле ишкерлер салык кызматына төлөөчү акчадан башка кошумча кредиттери да бар экенин айтып наалышты. Бирок белгисиз кишилердин бири журналисттердин көзүнчө ишкер аялдарга дал ушул маселени мэрияда айтуусун сунуштады.

«Атайын органдагылар»

Ишкерлер аларга сүйлөшүүгө келгендерди тааныбай тургандыгын айтышып, бирок «атайын органдагылар» деп божомолдошту.

Белгисиз кишилер журналисттерге интервью берүүнү каалашкан жок, алардын айрымдары өздөрүн мэрия кызматкерибиз деп аташса, көпчүлүгү тааныштыруудан баш тартышты.

Ал эми чогулган үч аялды эркек кишилер көйгөйдү «мэриядан чечип алууга» көндүрүшүп, аларды унаалары менен коштоп кетишти.

Ишкерлерди коштоп кеткен унаалардын бири. Сүрөт: Хамидулло Узаков/Kloop.kg

Кийинчерээк ишкерлердин бири журналист Гүлжан Ажиматовага аларды 12-августта калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов кабыл алмай болгонун билдирген.

Бийликтен комментарий алууга мүмкүн болгон жок

Окуя боюнча алгач Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаровго байланышканыбызда ал өргүүдө экенин белгилеп, бирок маалыматты тактап берээрин айткан. Кийинчерээк ага байланышууга жасаган аракетибизден майнап чыккан жок — басма сөз катчынын телефону өчүк болду.

Ал эми Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Абсаттар Табакалов да маалыматты тактоону убадалап, бирок макала чыгаар алдында байланышка чыккан жок.

Той-маарекелерге тыюу салуу

Иллюстративдик сүрөт.  Сүрөт: Хамидулло Узаков/Kloop.kg

Ош шаарында карантин киргизилгенден тарта тойканалар жана тамактануучу коомдук жайлар жабылган. Бирок июнь айында карантиндик нормаларды сактоо шарты менен айрым коомдук тамактануучу жайлар өз ишин жанданткан.

Ал эми тойканалардын иштөөсүнө жана той маарекелерди өткөрүүгө уруксат берилген эмес — президент Сооронбай Жээнбеков да Коопсуздук кеңешинин жыйынында той маарекелерге расмий тыюу салууну сунуштаган.

Бирок буга карабастан айрым тойканалар үчүн карантин тоскоолдук жараткан жок — Оштогу «Баястан» ресторанынын ээси эскертүүлөргө карабай үч жолу маареке өткөрүп, ага шаардык кеңештин депуттатары да катышкан.

Маареке өткөрүүгө жол берип, карантиндик нормаларды бузгандыгы үчүн тойкананын ээсинин үстүнөн сотко чейинки өндүрүш да башталган.

Карантин учурунда той өткөрсө физикалык жактарга алгач эскертүү гана берилет. Бирок ага карабай эреже бузуу кайталанса, ал миң сомдон 3 миң сомго чейинки өлчөмдөгү айыппулга жыгылат.

Ал эми эреже бузуу кайра кайталанса сотко чейинки өндүрүш ачылат, андан соң кылмыш иши да козголушу мүмкүн.

Эгер ал учурда да эреже бузуу катталса ишмердүүлүк укугу чектелет. Ал эми эң катаал жаза — 7 жылга чейин эркинен ажыратуу.