КТРКнын журналисти Нурзат Ниязова көз жумду

Маркум Нурзат Ниязова

11-августта Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын журналисти Нурзат Ниязова көз жумду. Ал 39 жашта болчу. Маркумдун артында эки баласы калды.

«Ниязова КТРКнын жана анын расмий сайтынын калыптанышына жана өнүгүшүнө чоң эмгегин жумшап, сайттын медиа тармагына чыгуусуна кошкон салымы зор. Биз чогуу иштеген кесиптешибизди гана эмес, өз ишин мыкты билген профессионал, чыныгы инсандык сапаттарга ээ болгон мыкты адамды жоготтук», — деп кесиптештери эскерет.

Маркум КТРКда 2006-жылдан тарта эмгектенип келген. Англис тили мугалими адистигин Ишеналы Арабаев атындагы мамлекеттик университетинде 1999-жылы аяктап, эмгек жолун КТРКнын Республикалык радио-теле борбору бөлүмүнөн баштаган. 2015-жылдан тартып КТРКнын расмий сайтын колдоо бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеп келген.

Буга чейин 5-июлда «Азаттык» радиосунун журналисти Бүбүкан Досалиева каза болгон. Ал 62 жашта болчу. Досалиева «Азаттык» радиосунда дээрлик 20 жыл эмгектенген.