Кыргызстанда коронавирустан дагы 535 бейтап сакайды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 11-августта бир сутка ичинде коронавирустан 535 бейтап айыкканын кабарлады.

Илдеттен арылгандардын эң көбү Ош облусунда катталды — 93. Ошондой эле, илдеттен Ош шаарында — 62, Ысык-Көл облусунда — 74, Жалал-Абад облусунда — 87, Бишкек шаарында — 45, Чүй облусунда — 40, Баткен облусунда — 61, Талас облусунда — 43 жана Нарын облусунда — 30 бейтап сакайып үйлөрүнө чыгарылды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19дан 32 764 бейтап айыкты.

Өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 40 445га жетти. Аталган илдет 1 478 кишинин өмүрүн алды.