Ленин чокусун таштандыдан арылтуу үчүн эки жумалык акция башталды. Демилгени КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаменти сунуштап, Швейцария өкмөтүнүн, Евробиримдиктин жана «Хельветас Кыргызстандын», Ага Хан фондунун жана ПРООНдун каржылык колдоосу менен ишке ашууда.

Донорлор тарабынан жалпысынан 17 620 доллар бөлүнгөн. Бул каражат альпинист-гиддердин тамак-ашына, чогултулган таштандынын Дароот-Коргон айылындагы атайын жайга алынып келишине коротулат. Андан сырткары керектүү жабдууларды алуу үчүн сарпталат.

2018-2019-жылдары Кыргыз альпинисттер клубу Улуу Британиянын Эдинбург университети менен биргеликте жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, Ленин мөңгүсү менен чокусундагы экологиялык абал катастрофалык деп бааланган.

«Ленин чокусуна болгон альпинисттик туризмден улам ал жакка таштанды толуп кеткен. Алар Советтер союзу маалынан бери чогулуп келе жаткан», - деди Ленин чокусу туроператорлор ассоциациясынын башчысы Владимир Комиссаров.

Таштандылар негизинен 3600-6300 метр бийиктиктеги тоолуу аймактардагы альпинисттер лагеринде топтолгон. Андыктан таштандыларды тазалоо адискөй альпинисттердин жардамы менен гана ишке ашырылат.

Ленин чокусу деңиз деңгээлинен 7134 метр бийиктикте жайгашкан жана Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында орун алган.