Коронавирус жуктуруп алган 739 медкызматкер айыга элек

Иллюстративдик сүрөт

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 12-августта коронавирус дагы 14 медициналык кызматкерден аныкталганын кабарлады.

Ооруну жуктуруп алган медиктердин төртөө Баткен облусунда катталды. Ошондой эле Ош облусунда үч, Бишкекте, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында экиден, Ош шаарында бир медиктен коронавирус аныкталды.

Ошондой эле акыркы суткада коронавирус жуктурган 30 медкызматкер айыкты — алардын 23ү үй карантинде дарыланган.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп алган медиктердин саны 2 981ге жетти. Ал эми жалпысынан 2 242 кызматкер илдеттен айыкты. Учурда 739 медицина кызматкери коронавирустан дарыланууда.

Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19дан каза болгон медкызматкерлер тууралуу акыркы маалыматты 30-июлда берген — ал учурда каза болгон 73 медкызматкер тууралуу кабарланган.

Инфекцияга чалдыккан медиктер 200 миң сом, ал эми каза болгон медиктердин үй-бүлөлөрү 1 млн сом компенсация алууга укуктуу. Бирок акча кимге берилерин атайын комиссия чечет.

Саламаттык сактоо министрлиги беш айдын ичинде коронавирус менен күрөшкөн медициналык кызматкерлерге каралган кошумча төлөмдөргө 807 млн 200 миң сом жумшалганын билдирген.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.