Орусияда жол кырсыгынан эки кыргызстандык каза тапты

Жол кырсыгына кабылган унаа. Сүрөт: Хакасия боюнча жол кайгуул кызматы

Орусиянын ЖМКлары Хакасиянын Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциянына таянуу менен кыргызстандыктар жол кырсыгына 11-августта кабылышканын кабарлады.

Республиканын Ширинск районунда 24 жаштагы «Ниссандын» айдоочусу бурулушта унааны башкара албай жол тилкесинен чыгып, аңтарылып кеткен

Унаада төрт жүргүнчү болгон. Алардын экөө каза болду. Маркумдардын өздүгү такталууда. Ал эми үч кишиге жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн. Кырсыкка учурагандар 20-24 жашта болушкан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кыргызстандыктар Красноярск шаарынан Хакасияга жергиликтүү көлдөргө зыярат кылуу менен эс алуу үчүн келишкен.

Ошондой эле аталган факт боюнча айдоочуга карата «Жол эрежелерин бузуу менен эки же андан ашык адамды өлүмгө дуушар кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Буга чейин 2017-жылдын октябрында Орусиянын Саратов шаарынан алыс эмес жерде «Хонда» үлгүсүндөгү минивэндин айдоочусу унааны башкара албай калгандыктан машина жол тилкесинен чыгып оодарылып кеткен. Анын кесептинен беш кыргызстандык жабыркаган.