Жээнбеков иш сапары менен Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына барат

Сооронбай Жээнбеков

Президент Сооронбай Жээнбеков 12-13-август күндөрү иш сапары менен Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына барат. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Жээнбеков Ош шаарына 11-август кечке жуук келген.

Президент жумушчу сапарынын алкагында медициналык, социалдык, айыл чарба, өнөр-жай жана билим берүү объектилеринин ишмердүүлүгү менен таанышат. Ошондой эле ал пандемия шартында ирригацияны жакшыртуу жана ички жолдорду реконструкциялоо долбоорлорунун кантип ишке ашып жатканын көрөт.

Буга чейин Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Ысык-Көл жана Талас облустарына барган. Өлкө башчы аймактардагы медициналык мекемелердин абалы, айыл-чарба ишмердүүлүгү жана таза суу менен камсыздоо маселеси менен таанышкан.

Өкмөт коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн аймактардагы бош жаткан имараттарды ооруканага ылайыкташтырып баштаган. Ошондой эле Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында жаңы ооруканалар курулууда.

Коронавирустун экинчи толкуну

Президент Сооронбай Жээнбеков 11-августта өкмөт башчы Кубатбек Боронов менен онлайн-кеңешме өткөргөн.

Премьер-министр Жээнбековго «коронавирус инфекциясын жуктургандардын жана андан каза болгондордун саны төмөндөгөнү байкалып жатканын» айтып берген. Ал эми президент өкмөткө ишти күчөтүлгөн тартипте жүргүзүү жана экинчи толкунга даярдануу керектигин белигилеген.

Окумуштуулардын божомолу боюнча экинчи толкун 2020-жылдын күз мезгилинде башталышы мүмкүн.