10 миң сом жана эки кой. Жумгалда пара опузалаган милиционер кармалды

Финансы полициясы ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте пара опузалаган Нарын облусундагы Жумгал РИИБнин кызматкерин 12-августта кармады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган милиционер бир нече жаранга «мыйзамсыз ишкердик менен алектенгени» үчүн кылмыш ишин козгоп, аны жабуу үчүн пара талап кылганы айтылууда.

Ишкерлер ИИМдин ички иликтөө кызматына кайрылышып, милиционер эки кой опузалап жатканын билдиришкен. Ошондой эле, жабырлануучулардын бири милиционер буга чейин алардан 10 миң сом пара алганын да кабарлаган.

Аталган факты боюнча «Опузалап пара алуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталды. Тергөөнү Финполдун кызматкерлери жүргүзүүдө.