Баткенде чек ара аскерлери үчүн 24 батирлүү турак жай курулуп жатат

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Сооронбай Жээнбеков 12-августта Баткен облусуна болгон иш сапарында чек ара кызматкерлери менен жолугуп, алар үчүн салынып жаткан үйдүн пайдубалына капсула салды.

Аталган турак жай Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен мамлекеттик чек араны коргоп жаткан №2022-аскер бөлүгүнүн кызматкерлери үчүн каралган. Ал үч кабаттан туруп, 24 батирге ылайыкташкан.

Ошондой эле, өлкө башчы аскердик бөлүктүн аймагын көрүп чыгып, аскер кызматкерлери менен бирге тамактанды.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Ал өлкөнүн мамлекеттик чек арасын коргоо анын көз карандысыздыгынын негиздеринин бири экендигин айтып, кызмат өтөө үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү жана аскер кызматчыларынын жашоосун жакшыртуу мамлекеттин артыкчылыгы болот деп айткан.

«Мамлекет аскер кызматчыларын, өзгөчө биздин чек араны кайтаргандарды колдоону улантат», — деп билдирген ал.

Өлкө башчы облуска иш сапары менен 12-августта келген. Ал бүгүн, 13-августта, жумушчу сапарын улантып, Жалал-Абад жана Ош облустарына барат.

Чек арадагы чырлар

Баткендеги чек арада чыккан жаңжалдардан улам, бир нече кыргыз аскерлери жарадар болуп, каза тапкан учурлар бар.

Үстүбүздөгү жылдын 6-августунда Эки-Таш аймагындагы Тажикстан тараптан белгисиз адамдар ыктымал мергенчилик куралдан кыргыз аскерин көздөй ок чыгарып, ал жоокердин колун тешип өткөн. Анын абалы «орточо оор» деп бааланган.

Ал эми мурдараак облустун Көк-Таш айылында жайыт маселесинен улам Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарынын ортосунда ок атышууга болуп — үч чек арачы жарадар болгон.

Жарадар болгон кыргызстандык аскерлердин бири оор абалда болгондуктан ага операция жасалган. Экинчи операцияны жасатуу үчүн аны 1-июнда Москва шаарындагы аскердик ооруканага которушкан.

Ал эми 2019-жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр-чатакта аскер кызматкери Равшан Муминов курман болгон. Ага өлүмүнөн кийин «Эрдик» медалы тапшырылып, үй-бүлөсүнө турак жай сатып алуу үчүн 2 млн сом бөлүнгөн.