Дагы 272 адамда коронавирус аныкталды. Вируска кабылгандардын жалпы саны 41 645ке жетти

Саламаттык сактоо министрлиги дагы 272 адамда COVID-19 инфекциясын тастыктады. Коронавируска чалдыккандардын көбү Ысык-Көл облусунда катталды — 65 адам.

Коронавирус жуктуруп алгандардын 47си Бишкек жана 43ү Ош шаарында катталды.

Жалал-Абад облусунда 34 адамда, Ош облусунда 28, Чүйдө 24, Баткенде 13, Нарын облусунда 10 жана Талас облусунда 8 адамда COVID-19 инфекциясы аныкталды.

Ушуну менен акыркы сутка ичинде коронавирус жуктуруунун жаңы учурлары бардык облустарда катталды.

Ош жана Нарын облустарында коронавирустан каза болгон эки бейтап тууралуу кабарланды.

Саламаттык сактоо министрлиги акыркы суткада коронавирустан 329 адам айыкканын маалымдады. Алардын ичинен 67 бейтап Ош облусундагы ооруканалардан, 62 бейтап Ысык-Көл облусунда жана 55 адам Жалал-Абад облусундагы бейтапканалардан айыгып чыккан.

Мындан тышкары, акыркы суткада Чүйдө жана Ош шаарында 66 бейтап, Баткен облусунда 31, Бишкекте 29 жана Талас облусунда 6 бейтап ооруканадан чыгарылды.

Өлкөдө коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 41 645 адамга жетти. Алардын ичинен 33 951 адам айыгып, 1 493 бейтап каза болду.