Бир суткада коронавирустан бир гана бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Дмитрий Мотинов / Kloop.kg

Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 17-августтагы брифингде акыркы суткада COVID-19га чалдыккан Баткен облусунан бир бейтап көз жумганын билдирди.

Калган аймактарда бейтаптардын өлүмү катталган эмес. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 1 496 киши көз жумду — 30-июлдагы маалыматка караганда алардын арасында 73 медкызматкер бар.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, каза болгондордун 262синде COVID-19 лабараториялык аныкталаган, ал эми калган 1 234үндө киши пневмониядан улам кайтыш болгон.

Өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны 41 991ге жетти. Жалпысынан 34 567 киши аталган илдеттен сакайды.