Бишкекте «директордун тамак-ашына» акча чогулткан мугалим иштен алынды

Сүрөт: Асхат Жунушакунов

Бишкек шаарындагы №54 орто мектебинде «директордун тамак-ашына жана башка чыгымдар үчүн» ата-энелерден акча чогулткан мугалим кызматынан бошотулду. Ошондой эле, аталган мектептин директору Ирина Борисовага сөгүш жарыяланды.

Буга чейин ата-энелердин бири «24.kg» басылмасына кайрылып, №54 мектебинин администрациясы окуу жайдын фондуна акча чогултулуп баштаганын кабарлаган.

«Учурда карапайым калктын абалы оор. Ата-энелер акчаны каяктан табат? Окуунун башталышына 20 күн бар, уялышса болмок», — деген ата-энелердин бири.

Мэриянын билим берүү башкармалыгынын адистери ички иликтөө жүргүзүп, «Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултууларга тыюу салуу» жөнүндө буйрукту бузуу фактысын аныктаган.

Мындан сырткары мектептин директору Борисованын кызмат ордуна ылайык келүү маселеси каралып жатат.

Былтыр билим берүү жана илим министри болуп дайындаган Каныбек Исаков республиканын мекептеринде акча чогултууга тыюу салган. Ошондой эле, окуу жайлардын кызматкерлери камкорчулар кеңештеринин жана ата-энелер комитеттеринин каржы маселелерине катышуусуна чектөө коюлган.

«Жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери, административдик персоналдар, жалпы билим берүү уюмдарынын педагогдору тарабынан окуучуларга, алардын ата-энелерине жана аларды алмаштыруучу адамдарга моралдык-психологиялык басым көрсөтүлсө, тартиптик жаза көрүү менен кызмат орундарынан бошотуу каралсын», — деп айтылган буйрукта.

Быйыл 1-сентябрда мектепке биринчи класстын гана окуучулары барарын премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүн жыйынында билдирген. Калган класстар окууну онлайн улантат.