Шыкмаматов «Бир Бол» партиясы бийликке оппозиция болоорун билдирди

Экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов «Бир Бол» партиясы учурдагы бийликке оппозиция болоорун билдирди. 17-августта аталган партиянын съезди өтүп, ал жакта парламенттик шайлоого катышуу үчүн талапкерлердин тизмеси менен программасы бекитилди.

«Биз бүгүнкү бийликке оппозиция болобуз. Күчтүү оппозиция — жоопкерчиликтүү өкмөт», — деп билдирди экс-депутат.

Анын айтымында, чабал парламент күчтүү өкмөт түзө албайт, ал эми чабал өкмөт алсыз мамлекетке алып келет.

«Өлкөдө реформа болушу үчүн өкмөт күчтүү эркке, энергияга ээ болушу керек. Реформалардын башкы идеологу жана демилгечиси – парламент. Алар мыйзамдар аркылуу, идеялар аркылуу, көз караш жана түшүнүктөр аркылуу саясий-экономикалык, социалдык процесстердин жана эң башкысы – руханий баалулуктардын уңгусу болууга милдеттүү», — деди Шыкмаматов.

Экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов буга чейин «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү болгон. «Ата Мекен» партиясы Алмазбек Атамбаевдин бийлиги тушунда дээрлик оппозицияда болгон.

2017-жылы партиянын башчысы Өмүрбек Текебаев Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча Атамбаев менен араздашып, камакка алынгандан кийин Шыкмаматов фракциянын парламенттеги лидери болгон. 2019-жылдын декабрында Текебаев экөөнүн ортосунда жаңжал чыгып, Шыкмаматов партиядан кеткен. Эми 7-чакырылыштагы жаңы парламентке «Бир Бол» менен барууну чечкен.

Съездде сөз сүйлөгөн партиянын лидери Алтынбек Сулайманов партиянын оппозицияга кетиши боюнча эч нерсе айткан эмес.

Ал «Бир Бол» коронавирус пандемиясынан улам пайда болгон көйгөйлөрдү чечип, «Кыргызстандын саясий жана экономикалык түзүмүн жаңыртаарын» гана айткан.

«Бир Бол» партиясы 2010-жылы түзүлүп, биринчи жолу парламентке 2015-жылы өткөн. Парламентте отурган беш жыл ичинде партия бир да жолу оппозицияга өткөн эмес.

Парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт. «Бир Бол» партиясы жеке эсебине 9 млн 676 миң сом которду. Алардын ичинен 5 млн 269 миң сом үгүт материалдарына, имараттардын ижарасына жана башка кызматтарга коротулган.

Эрежеге ылайык, партиялар үгүт иштерине 300 млн сомдон ашык каражат корото алышпайт.

«Бир Бол» жана «Демократ»

Буга чейин «Бир Бол» партиясы аларга «Демократ» партиясы толук курамы менен кошуларын жарыялаган. «Демократтын» лидери Эсен Момункулов «Бир Болдун» жаңыртылган курамынын постеринде июлда эле пайда болгон.

«Бир Бол» келе жаткан шайлоого болжолдуу талапкерлерин мурда эле көрсөткөн. Калган партиялар курамын, программаларын бекитиши керек. Кээде бир партиянын курамында көрсөтүлгөн саясатчылар башка партияга өтүп жатышат.

Саясатта белгилүү болгон партиянын лидери Алтынбек Сулайманов менен мурдагы «ата мекенчи» Алмамбет Шыкмаматовдон тышкары, партиянын жаңы тизмесинде юристтер, журналисттер, бизнесмендер жана меценаттар көрсөтүлөн.

Ал ортодо «Демократ» партиясы парламенттик шайлоого катышуудан баш тарта турганын жана ыйгарымдуу өкүлдөрүн чакыртып алуу боюнча Боршайкомго билдирди. БШКны 17-августтагы жыйынында партиянын билдирүүсүн карап, аны эске алмай болду.

Ошентип «Демократ» партиясынын ыйгарымдуу өкүлдөрүн каттоо жокко чыгарылып, алардын каттоо күбөлүгү жараксыз деп табылды.

«Бир Бол» жана Бакиев

«Бир Бол» партиясынын жаңыланган курамы жаңжалдын чыгышына себеп боло баштады. Соцтармак колдонуучулары партиянын жаңы курмына көңүл бурушуп, партиянын штабында Марат Бакиевдин кызы жана кулатылган президент Курманбек Бакиевдин карындашы — Сымбат Маратбек иштерин аныкташкан.

Ошондо партия Сымбат Маратбек парламент депутаттыгына талапкерлердин тизмесине кирберин, ал коомдук башталышта партияга жардам берип жатканын расмий билдирген. Мындан кийин «Бир Болдо» окуяны талкуулашып, Сымбат Маратбек менен кызматташууну улантууну чечишкен.

Сымбат Маратбектин атасы Марат Бакиев — Кыргызстандын качкын президенти Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси. Ал 2005-2010-жылдары президент болуп турганда Марат Бакиев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болгон.

Мындан кийин соцтармактардын колдонуучулары депутаттыкка талапкер Айжан Чыныбаева тууралуу сөз кыла башташкан. Анын күйөөсү Арсланбек Кененбаев болжол менен Максим Бакиевдин жубайы Айжан Кененбаеванын бир тууганы. Мындан тышкары, аны Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын да тууганы деп айтышууда.

Ал эми Айжан Чыныбаева бул билдирүүнү «компроматтардын саясий оюну» деп атады. Анын айтымында, анын Отунбаева жана Бакиевдердин үй-бүлөсү менен болжолдуу байланышы тууралуу он жылдан бери жазып келишет.