Токмокто гаражда чыккан өрттөн үч киши каза болду. Маркумдардын бирөө толук күйүп кеткен

Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Чүй облусунун Токмок шаарындагы №1 кичи районунда гараждардын биринде өрт чыгып, анын кесепетинен үч киши каза болду. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, окуя 8-августта орун алган. Күбөлөрдүн айтымында, өрт чыкканга чейин аталган гараждын жанында үч киши спирт ичимдигин ичип отурушкан.

Алардын бири, 38 жаштагы киши толугу менен күйүп окуя болгон жерде каза тапкан. Калган 52 жана 53 жаштагы эркек кишилердин денелери 50 жана 70 пайызга күйүп калган. Алар алган жаракаттарынан улам ооруканада көз жумду.

Алдын ала маалымат боюнча өрт тамекинин чогунан келип чыккан.