Бишкек ШИИБинин башчысы Жумагазиев шайлоого «Биримдик» партиясы менен барат

Бишкек ШИИБинин башчысы Канат Жумагазиев келе жаткан парламенттик шайлоого «Биримдик» партиясынан бараарын «Кабар» маалымат агенттигине айтып берди.

Шайлоо алдындагы ат салышууга катышуу үчүн Жумагазиев жакын арада отставкага кетүүнү пландап жатканы маалымдалды.

Жумагазиев кошулууну пландап жаткан «Биримдик» партиясын учурдагы бийлик жана президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков менен байланыштырышат.

Жумагазиев Бишкек ШИИБинин башчысы болуп 2019-жылдын февраль айында дайындалган. Ал буга чейин ЖКККББнын башчысы болуп иштеген.

Жогорку Кеңештеги орун жана таасир үчүн «Биримдик» партиясы менен «Мекеним Кыргызстан» күрөшөт — бул партияны Матраимовдордун үй-бүлөсү менен байланыштырышат. «Мекеним Кыргызстан» өзүнүн расмий съездин өткөргөнгө чейин бир нече партия менен биригүүгө үлгүргөн.

Белгилүү жана эң таасирдүү партиялардын арасынан келерки парламенттик шайлоого «Ата Мекен», «Бир Бол» жана «Кыргызстан» партиялары катышуу ниетин билдиришкен.