COVID-19 дарты аныкталган медкызматкерлердин саны 3 045ке жетти

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 19-августта коронавирус дагы жети медкызматкерден табылганын кабарлады.

Бишкек шаарынан жана Баткен облусунан үчтөн, Ысык-Көл облусунан бир медик коронавируска чалдыккан.

Ал эми бир суткада төрт медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үйүндө дарыланып жаткан эки медицина кызматкери сакайды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 045ге жетти, 2 363 медкызматкер илдеттен айыкты. Республикалык штаб 30-июлда COVID-19дан 73 медкызматкер каза болгонун маалымдаган.

Өкмөт иш убагында коронавирусту жуктурган медиктерге 200 миң сом, ал эми каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом компенсация төлөп берет.

Саламаттык сактоо министрлигинен 3-августта билдиргендей, иш убагында коронавируска чалдыккан төрт медкызматкерге 200 миңден кун төлөнгөн, ошондой эле, дагы 40 медкызматкерге компенсация төлөө маселеси каралып жатат. Бирок буга чейин оору жуктурган 41 медикке компенсация төлөнүп берилгени белгилүү.

Ошондой эле, өкмөт COVID-19дан каза болгон эки медиктин — Кара-Кулжалык фтизиатр Альберт Исмаиловдун жана Бишкектеги Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаеванын — үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон компенсация төлөп берген.

19-августка карата COVID-19ду жуктуруп алган кишилердин саны 42 325ге жетти. Алардын ичинен 35 197 бейтап айыгып, 1 054 киши каза болду.