Эл өкүлү Дастан Бекешев парламенттик шайлоого катышпай турганын айтты. Бул тууралуу ал Твиттер баракчасында видео кайрылуу жасады.

Бекешев шайлоого катышпаганы менен өлкөнүн коомдук жана саясий турмушунан алыстабай турганын да белгиледи.

«Өзүм тууралуу айта турган болсом коомдук жана саясий темаларды такай көтөрүп турам. Андан тышкары көптөн бери чечилбей жаткан маселелерди дагы көтөрөм. Мен кайра келем», - деди ал.

Бекешев буга чейин «Реформа» партиясына кошулганын айтып, шайлоого бирге барышарын билдирген болчу. Ал жаңы партия менен позициясы жана пикири туура келерин айтып, аларды моралдык жактан колдой турганын кошумчалады.

«Жаңы партияны моралдык жактан колдойм. Аларга ийгилик каалайм, шайлоодо жеңет деп ишенем», - деди ал.

Дастан Бекешев парламенттин эки чакырылышынын депутаты болгон — ал 2010-жылы Жогорку Кеңешке «Ар-Намыс» партиясы менен келген, ал эми 2015-жылы КСДП менен шайлоого катышкан.

Шайлоо 2020

Парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт. Учурдагы депутаттардын көбү парламентке келген партияларынан чыгып, келе жаткан шайлоого катышуу үчүн башка партияларга кошулууда.

Өзүн оппозициячыл партия деп көрсөткөн «Реформа» 2012-жылы түзүлгөн. Бирок келе жаткан шайлоого жаңы курамы менен катышат.

Партиянын башчысы юрист, Конституциялык соттун экс-судьясы Клара Сооронкулова болду. Партияга негизинен жарандык активисттер кирген.

«Биздин партия түп-тамырынан бери реформа жүргүзүү үчүн, Кыргызстанда түзүлүп калган коррупция системасын жана кланчылыкты жок кылуу жана элге кызмат кылган, башкы максаты адам болгон заманбап мамлекет куруу», — деп айтылат партиянын сайтында.

Мыйзамга ылайык, парламенттик шайлоого катышуу үчүн ар бир партия 5 млн сом шайлоо күрөөсүн коюшу керек. Муну 20-августка чейин төлөө зарыл.

«Реформа» партиясынын мүчөлөрү кайдыгер эмес жарандардан 5 млн сом чогултууга жардам сурашкан. Партия 17-августта 2,3 млн сом чогултууга жетишкенин билдирген.