Москвадан Ошко дагы 245 кыргызстандык кайтып келди

Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстандыктарды Орусиянын Москва шаарынан алып келген чартердик каттам Ош шаарына 19-августта конду. Мекенине кайтууну каалагандардын тизмеси алдын ала кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн куралган атайын комиссия тарабынан түзүлгөн.

«Комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча Кыргызстан жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Каттамга төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар киргизилген», — деп жазылат Республикалык штабдын маалыматында.

Коронавирус дүйнө жүзү боюнча кескин жайылып баштаганынан улам көптөгөн өлкөлөр эл аралык авиакаттамдарды токтотушкан. Буга байланыштуу чет өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктар мекенине кайта албай калышты. Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарын кайтаруу үчүн чартердик каттамдарды уюштуруп жатат.

Буга чейин 5-августта Москвадан Ош шаарына чартердик каттам менен 155 кыргызстандык келген.

Кыргызстан башка өлкөлөрдөй эле коронавирус пандемиясынан улам март айында чек араларын жаап, эл аралык жана ички авиа каттамдарды токтоткон — алар 5 айга чукул убакыттан бери иштебей келет. Бирок «Манас» аэропорту жүк жана чартердик рейстерди тейлеп жатат. 8-июндан тарта Кыргызстанда бардык ички аба каттамдар иштеп баштаган.