Максат Дамир уулунун Instagram баракчасына жарыяланган сүрөт.

Жакында эле Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин башчылыгынан кеткен Максат Дамир уулу быйыл күздө боло турчу парламенттик шайлоого «Республика» партиясы менен барат. Бул тууралуу Дамир уулу Instagram баракчасына жазды.

Анда ал профессионалдардын командасында болгонума кубанычта экенин жана биргеликте өзгөрүүлөрдү жасайбыз деп ишене турганын билдирген. Ошол эле маалда ал мурдагы вице-премьер Алтынай Өмүрбекова менен чогуу партиянын логотибинин алдында түшкөн сүрөтүн жарыялаган.

Дамир уулу 13-августта Туризм департаментинин башчылыгынан өз ыктыяры менен кеткен. Ал «Клооптун» «Кызматтан кетүү шайлоого катышуу үчүн кеттиңизби?» деген суроосуна бардыгын убакыт көрсөтөт деп жооп берген болчу.

Мамлекеттик кызматкерлер шайлоого катышуу үчүн жумушунан кетип жаткан башка учурлар дагы бар. Мисалы Ош облусунун башчысы Узарбек Жылкыбаев дагы парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматынан кеткен.

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. Шайлоого катышуу ниетин башында 44 партия билдирген. Кийин БШК «Кыргызстан коммунисттер партиясын» берген арызынын негизинде шайлоодон расмий четтеткен.

Андан сырткары бир катар партиялар шайлоого чогуу бара турганын айтып, биригишүүдө. Саясий партиялар 20-августка чейин съезддин өткөрүп, Боршайкомго депутаттыкка талапкер болгондордун тизмесин берип, 5 млн сом күрөөнү төлөшү керек.