Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин башчысы Максат Дамир уулу кызматынан кетти. Ал 2018-жылы 20-ноябрда министрдин орун басары рангындагы Туризм департаментинин директору болуп дайындалган.

Ал өзүнүн фейсбук барагына кызмат ордунан өз каалоосу менен 13-августта кеткенин жазды.

«Кетүүгө убакыт келди. Мындан ары да кыймылдаш керек. Кечээ Маданият министринин орун басары - Туризм департаментинин директору кызматынан өз ыктыярым менен кетүү тууралуу арыз жаздым», - деди Дамир уулу.

Ал ошондой эле, эки жылга жакын убакыт ичинде бир катар мамлекеттик органдардын, өнөктөштөр, бизнес коомчулугунун жардамы менен көптөгөн иштер жасалганына токтолгон. Андан сырткары Дамир уулу туризм Кыргызстандын экономикасындагы негизги секторлордун бири болот деген үмүттө экенин кошумчалады.

Максат Дамир уулу «Клооптун» «парламенттик шайлоого катышасызбы?» деген суроосуна «азырынча белгисиз» деп жооп кайтарды.

Мамлекеттик кызматкерлердин айрымдары шайлоого катышуу үчүн кызматтарын тапшырууда. Буга чейин Ош облусунун башчысы Узарбек Жылкыбаев парламенттик шайлоого катышарын айтып кызматынан кеткен.

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген.