Улуттук гвардияда жети жоокер сабалды. Териштирүү башталды

Башкы штаб Улуттук гвардиянын жети жоокери сабалганын кабарлады. Ички иликтөө жүргүзүлүп, жоокерлер 16-июлдан 21-июлга чейинки аралыкта сабалганы белгилүү болгон.

Эки офицер жана келишимдин негизинде иштеген эки кызматкер жоокерлерди сабады деп шектелүүдө. Иликтөөнүн материалдары Аскер прокуратурасын жиберилди.

Башкы прокуратура офицерлерге карата «Ыйгарым укуктарынан аша чабуу» беренеси боюнча иликтөө жүрүп жатканын билдиришти.

«24-июлда эртең мененки текшерүү маалында Улуттук гвардиянын жети жоокеринин денеси көгала болгондуктан текшерүү жүргөн. Ушул тапта экспертиза жүргүзүлүп, тергөө улантылууда», — деп Башкы прокуратуранын өкүлү Эрмек Асанов «Азаттык» радиосуна айтып берди .

Офицерлерге кандай чара көрүлүшү мүмкүн?

Жазык кодексинин 321-беренесине (Бийликтен аша чабуу) ылайык, офицерлер үч жыл түзөтүү жумуштарына тартылып, 2200дөн 2600гө чейинки эсептик көрсөткүч менен айып саланып (220 000 же 260 000 сом), же эки жарым жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Эгер офицерлер жоокерлердин ден соолугуна оор зыян келтирсе, же сабап жатканда курал колдонгон болсо, анда алардын жазасы өзгөрүшү мүмкүн. Аларга 260 000 сомдон 300 000 сомго чейинки штраф салынып, же 2,5 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Ошондой эле 321-беренеде «жоопкерчиликтүү абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан жасалса» деген графа бар.

Ала ылайык, 7,5 жылга чейинки жаза каралган жана үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратылат.

Демек алар жазага тартылабы?

Укук коргоочулар көптөн бери жоокерлерге карата зомбулук жана ошондой эле аларга жумуш жасату тууралуу айтып келишет. Зомбулук фактылары көп айтылбай келет, бирок жүргүзүлгөн иликтөөөр деле жоокерлерге күч колдонгон офицердин жазага тартылышына дайыма алып келбейт.

Маселен, жазында сабалып, психикалык дарылоо жайына түшүп калган бир жоокердин туугандары иликтөө жыйынтык алып келбегенин «Азатыкка» айтып беришкен.

2018-жылы дагы жоокерлерди сабоо жана аларды пайдалануу боюнча кылмыш иштери козголгон. Ошондо бери дегенде алты жоокер жабыркаган — алар Кой-Таш айылында №73809 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жүрүшкөн. Укук коргоочулар жабыркагандарды “арызыңарды алгыла” деп мажбурлап, аларга кысым болуп жатканын айтып чыгышкан. Ал эми Башкы штаб бөлүктүн башчысы кызматтан четтетилгенин кабарлаган.

Ошол эле жылы комиссия ЖАМКка караштуу Кайтаруу жана күзөт департаментиндеги эки жоокердин өз жанын кыйган окуянын себептерин иликтеген.

Ал эми 2017-жылдын июль айында кыргыз армиясынын лейтенанты адам өлтүргөндүгү үчүн 12 жылга эркинен ажыратылган. 2014-жылы офицер мас болуп алып, жоокерди аткан. Бул иште ошол эле аскер бөлүгүнүн бөлүм башчысы шерик катары өткөн — ал үч жылга эркинен ажыратылган.