Бишкекте коомдук транспорт дем алыш күндөрү да жүрө баштайт

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы маалымдагандай, борбор калаада «экономикалык туруктуулукту камсыздоо үчүн» 20-августтан тарта бир катар чектөөчү чаралар алынат.

Эми коомдук транспорт дем алыш жана майрам күндөрү да саат 7:00дөн 23:00гө чейин иштейт. Ал эми саат 11:00дөн 14:00гө чейин дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт.

«Эми кафе жана ресторандар, ошондой эле, башка коомдук тамактануу жайлары 7:00дөн түнкү 00:00гө чейин иштейт. Ал эми тамак-аш жеткирүү кызматтарына бардык санитардык нормалар катуу сакталган учурда убакыт боюнча чектөө жок иштөөгө уруксат берилет», — деп жазылат маалыматта.

Шаар бийлиги коомдук транспорттун, супермаркеттердин жана кафелердин мурдагы иштөө режимин 3-августта киргизген.

Мэрия мындан тышкары сейил бактарга жана аянттарга баруунун убакыт чектөөлөрүн алып, велосипеддерди ижарага берүү ишине уруксат берди.

Соода борборлору менен супермаркеттер учурдагы тартип боюнча күндө эртең мененки саат 7:00дөн түн жарымга чейин иштешет.

Ошол эле учурда тойканалар, көңүл ачуучу жайлар (түнкү клуб, бар, караоке, кинотеатр, интернет-клуб) жана балдар үчүн оюн аянтчалардын ишмердигине дагы деле тыюу салынат. Мэрия чектөө чаралары «Бишкектеги эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга» чейин күчүндө болоорун билдирди.

«Урматтуу шаар тургундары! Сураныч, өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз! Сак болуңуз! Эпидемиологиялык абал бир аз жакшырганы менен санитардык эрежелерди эстен чыгарбагыла — беткап тагынуу, колду жууп туруу жана аралыкты сактоо — буларды аткаруу дагы деле милдеттүү!» — деп кайрылды Бишкектин басма сөз кызматы.

Үстүбүздөгү жылдын 10-майында, өзгөчө абал режими алынгандан кийин киргизилген чектөө чаралары буга чейин да жеңилдетилип келген. Кыргызстанда 22-марттан бери жумшагыраак өзгөчө кырдаал режими иштеп келет.

Мэрия шаардыктардын «ден соолугун чыңдоо» максатында 10-августтан тарта үстү ачык спорт аянтчаларынын ишмердигине уруксат берген. Ал эми 7-августта Бишкекке кирип-чыккан жолдордогу бардык санитардык-карантиндик посттор алынган.

Бийлик транспорттун жана башка ишмердиктердин ишине чектөөлөрдү июль айында шаардагы абал начарлап кеткенден кийин киргизген. Ошондо коронавируска кабылгандардын көбү Бишкекте катталып, анын айынан ооруканалар толуп кеткен. Ооруканалардын ишин жеңилдетүү үчүн бийлик күндүзгү жана түнкү стационарларды ачкан.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемиянын башынан бери өлкөдө коронавирус жуктуруунун 42 507 учуру катталган, алардын ичинен 35 486 адам айыгып, ооруканалардан чыгарылган.

Пандемия башталгандан бери коронавирустан 1 055 адам каза болгон. Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 пайда кылган ооруларга байланыштуу өлүм учурларын кайра карап чыккандан кийин буга чейин каза болгондордун саны 29 пайызга азайтылган. Себеби, айрым кишилер коронавирустан эмес башка оорулардан каза болгон.