Казакстанда 25 жыл кулчулукта жүргөн кыргызстандык аял мекенине кайтты

Элмира Корчиева 18-августта үй-бүлөсүнө кайтып келди. Ал Казакстанда 25 жыл эмгек кулчулугунда жүргөн жана мекенине келүү үчүн документтери жок болгон. Бул тууралуу Turmush басылмасы кабарлады.

Корчиева үй-бүлөсү менен Кант шаарындагы «Ак-Тилек» постунда жолукту. Жолугушууну уюштурууга Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коомунун Үй-бүлөлүк байланыштарды калыбына келтирүү кызматы жардам берди.

2020-жылдын апрель айында Корчиеванын уулу Кызыл жарым ай коомунун Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө жардам сурап кайрылган. Уюм архивден Корчиева тууралуу маалыматтарды таап, документтерин жасап берген.

Андан кийин Казакстандагы кыргыз диаспорасы менен Алматыдагы башкы консулдуктун көмөгү менен Корчиева документтерди алып чек арадан өткөн.

Корчиеваны башка адамды издеп жүрүшкөн Казакстандын полиция кызматкерлери байкап калышкан. Ал полицияга «жумуш берүүчү-кожоюндары» аны башка адамдарга иштөө үчүн берип жатканын айтып берген. Полициянын кызматкерлери Ысык-Көл облусунун Ак-Суу РИИБине сурам жөнөтүп, анын туугандарын табышкан.

Turmush басылмасы Корчиева 25 жыл мурун Казакстанга иштегени кеткенден кийин аны менен байланыш үзүлүп калганын жазды. Кыргызстанда анын күйөөсү менен үч баласы калган.

Казакстандагы кулчулук

Бул кыргызстандыктардын документтин жоктугунан улам коңшу өлкөдө эмгек кулчулугуна кабылып калган биринчи учур эмес. 2015-жылдын июль айында Казакстандын «Новый регион» гезити эки полиция кызматкеринин кол алдында «тамак үчүн» иштеп жүргөн Владимир Евдошенко тууралуу жазып чыккан.

Басылманын маалыматы боюнча, Евдошенко бир нече жолу качып кетүүгө аракеттенген, бирок полиция күзөтү аны кармап, кайра кайтарып турушкан. Владимир «кожоюндарынан» качып кеткенден кийин полицияга арыз жазган, андан кийин прокуратурага кат жөнөтүлгөн. Окуя Казакстандын кайсы шаарында болгонун гезит тактаган эмес.

Ошондо Казакстандагы кыргыз эмгек мигранттарынын абалы тууралуу иликтөө жүргүзгөн журналист Улугбек Бабакулов Kloop.kgге курган маегинде Евдошенко документтерин толук калыбына келтирип, Кыргызстанга кайтып келүүгө гана үмүттөнө аларын айткан.

Ал кошумчалагандай, анын иликтөөсүнөн кийин Казакстан менен Кыргызстандын өкмөттөрү эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо тууралуу келишимге кол коюшкан. Бирок мыйзамдын иштеши үчүн мигранттар иштөөгө уруксат алышы зарыл.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 2015-жылдын июнунда Алматыдагы кыргыз консулдугунун кызматкерлери талаада «мажбурлап иштетүү» үчүн «мыйзамсыз алынып барылган» 17 кыргызстандыкты тапканын билдирген.

Ал эми 2012-жылдын октябрында Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулдугунун кызматкерлери милиционерлер менен биргеликте мейманканалардын биринде секс кызматын көрсөтүү үчүн күч менен кармалып турган кыргызстандык кыздарды табышкан. Адам сатуу, кулчулук жана сексуалдык эксплуатация фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.