Жалал-Абадда чек арачы наристени муунуп калуудан сактап калды

Чек ара кызматкери Калысбек Эмилбеков. Сүрөт: Мамлекеттик чек ара кызматы

Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасындагы 2027 аскер бөлүгүндө аскерлер кызматы жана аскердик коопсуздук кызматынын улук офицери Калысбек Эмилбеков 4 жашар кызды муунуп калуудан сактап калды. Окуя 18-августа болгон.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, Эмилбеков жумушунан үйүнө келе жатып, турникке байланган жипке асылып, дем жетпей тыбырчылап жаткан кызды көргөн.

«Кыйналып жаткан кыздын мойнунан жипти чыгарып, эсине келгенде сейилдеп жүргөн кыз-келиндерге тапшырып кеткен. Кыздын апасы жоокерди эртеси күнү таап, ага ыраазычылыгын билдирген», — деп жазылат билдирүүдө.

Мындан сырткары Эмилбековго Шамалды-Сай шаарчасынын тургундары да алкыш айтышты. Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматы Эмилбековду «Күндүн каарманы» деп атады.

«Наристенин өмүрүн сактап калып, бир үй-бүлөнүн кайгы-капага чөмүлүшүнө жол бербегениме кубанычтамын. Кудайым ага узун өмүр, бакыт берсин, аман болсун», — деген жаш чек арачы Эмилбеков.