БШК шайлоого катышпай турган партиялардын тизмесин жарыялады

Боршайком 20-августта партиялардын съезд өткөрүү жана талапкерлердин тизмесин аныктоо мөөнөтү аяктаганын маалымдады. Алгач парламенттик шайлоого катышуу ниетин 44 партия билдирген, бирок айрымдары съезд өткөрүүге жетишпей калышкан, ал эми башкалары шайлоого катышуудан баш тартышкан.

Шайлоого катышуудан баш тарткан партиялардын тизмеси:

  • Агрардык партия;
  • «Демократ»;
  • Кыргызстан коммунисттер партиясы;
  • «Эмгек»;
  • «Бирик» («Мекеним Кыргызстан» менен бирикти);
  • «Таза Коом» («Кыргызстан» партиясы менен бирикти);
  • Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы;
  • «Ар-Намыс»;
  • «Бийлик элге»;
  • «Кыргызстан элинин биримдиги» («Ыйман нуру» менен бирикти);
  • КСДП;
  • «Кут»;
  • «Ак Калпак»;
  • «Уулу Журт» («Кыргызстан» партиясы менен бирикти).

Тизмеден расмий түрдө чыгарыла элек партиялар:

«Табылга» партиясы менен «Ата Журт» партиясынын мүчөлөрүнүн бир бөлүгү башка партиялар менен биригишти, бирок азырынча шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу билдирүү жөнөтө элек.

«Жаратман Эл» партиясы шайлоо фондун түзүү үчүн эсепти өз убагында ачкан эмес — бул талапкерлер тизмесин каттоодон баш тартууга негиз болуп саналат.

«Кыргызстандын патриоттору» жана «Билим Илим Ордосу» БШКга мындан аркы шайлоо кампаниясына катышуу ниети тууралуу маалымат беришкен эмес.

Эми партиялар талапкерлер тизмесин каттоого керектүү документтерди кагаз жана электрондук түрдө 24-августка чейин БШК бериши керек. Алар текшерүүдөн өтүп, 4-сентябрга чейин катталышат. Дал ушул күнү үгүт жүргүзүү мезгили башталып, 3-октябрга чейин созулат. Шайлоонун өзү 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган.