COVID-19 дарты аныкталган медкызматкерлердин саны 3 073кө жетти

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 21-августтагы брифингде коронавирус дагы 14 медкызматкерден табылганын кабарлады.

Бишкек шаарынан, Ош жана Нарын облустарынан бирден, Ош шаарынан жана Баткен облусунан үчтөн, Жалал-Абад облусунан беш медик коронавируска чалдыккан.

Ал эми бир суткада төрт медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үйүндө дарыланып жаткан жети медицина кызматкери сакайды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 073кө жетти, 2 383 медкызматкер илдеттен айыкты. Республикалык штаб 30-июлда COVID-19дан 73 медкызматкер каза болгонун маалымдаган.

Өкмөт иш убагында коронавирусту жуктурган медиктерге 200 миң сом, ал эми каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом компенсация төлөп берет.

Саламаттык сактоо министрлигинен 3-августта билдиргендей, иш убагында коронавируска чалдыккан төрт медкызматкерге 200 миңден кун төлөнгөн, ошондой эле, дагы 40 медкызматкерге компенсация төлөө маселеси каралып жатат. Бирок буга чейин оору жуктурган 41 медикке компенсация төлөнүп берилгени белгилүү.

Ошондой эле, өкмөт COVID-19дан каза болгон эки медиктин — Кара-Кулжалык фтизиатр Альберт Исмаиловдун жана Бишкектеги Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаеванын — үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон компенсация төлөп берген.

21-августка карата COVID-19ду жуктуруп алган кишилердин саны 42 703кө жетти. Алардын ичинен 35 831 бейтап айыгып, 1 055 киши каза болду.