Кадыр Маликов муфтийдин орун басары болуп дайындалды

Белгилүү теолог Кадыр Маликов Кыргызстандын муфтийинин орун басары болуп 21-августта дайындалды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

«Тиешелүү буйрукка муфтий Максатбек ажы Токтомушев кол койду. Ал Кадыр ажы Маликовду жалпы жамаатка тааныштырып, мындан аркы ишине ийгиликтерди каалап, кызматкерлер жана облустук казыяттар менен тыгыз кызматташуу керектигин тапшырды», — деп жазылат билдирүүдө.

Кадыр Маликов 48 жашта. Ал 2005-жылы Испанияда «Complutense de Madrid» университетинин атайын курсунан билимин жогорулатып, эки жылдан соң Испаниянын «Autonoma» унвиверситетинен докторлук даражага ээ болгон.

Маликов 2017-жылдан тарта Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, президенттин эксперттик кеңешинин мүчөсү, «Дин, укук жана саясат» көз карандысыз аналитикалык изилдөө борборунун директору болуп эмгектенип келген.

Буга чейин муфтийдин орун басары болуп 2017-жылдан бери Замир Ракиев кызмат кылган. Ал 10-августта Бишкек шаарынын казысы болуп дайындалды.