Коронавирустан 36 миңге жакын киши айыкты

Иллюстративдик сүрөт.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 21-августтагы брифингде бир суткада коронавирустан 345 бейтап айыкканын кабарлады.

Илдеттен арылгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 96. Ошондой эле, илдеттен Жалал-Абад облусунда — 59, Ысык-Көл облусунда — 40, Чүй облусунда — 23, Ош шаарында — 43, Баткен облусунда — 34, Ош облусунда — 35, Нарын облусунда — 10 жана Талас облусунда — 5 бейтап сакайып үйлөрүнө чыгарылды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19дан 35 831 бейтап айыкты.

Өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 42 703кө жетти. Аталган илдет 1 055 кишинин өмүрүн алды.