Коронавирустун дагы жаңы 196 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Хамидулло Узаков / Kloop.kg

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 21-августтагы брифингде коронавирустун жаңы 196 учуру катталганын маалымдады.

Ооруга чалдыккандардын 83үндө COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 113үндө клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Жалал-Абад облусу – 49;

Бишкек — 35;

Ош облусу - 34;

Ысык-Көл облусу – 24;

Баткен облусу - 18;

Чүй облусу – 16;

Ош – 9;

Талас облусу – 8;

Нарын облусу – 3 кишиде коронавирус аныкталды.

Жалпысынан COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 42 703кө жетти. 18 337 кишиде COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 24 366 бейтап пневмонияга чалдыккан.

Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 17 311. Ал эми Чүй облусунда — 5 288, Ош облусунда — 3 985, Жалал-Абадда — 3 966, Ысык-Көлдө — 3 560, Ош шаарында — 3 372, Баткенде — 2 183, Нарын облусунда — 1 673 жана Талас облусунда — 1 365 учур катталды.

Ал эми Кыргызстанда коронавирус менен ооруган бейтаптардын 35 831и айыгып, 1 055 киши көз жумду.

Учурда 1 230 бейтап ооруканаларда калууда. Ошондой эле, 4 474 киши үй шартында дарыланып жатат.

Эң көп бейтап Жалал-Абад облусундагы стационарларда дарыланып жатышат — 248. Ошондой эле, Ош облусунда — 226, Бишкек шаарында — 174, Ысык-Көл облусунда — 176, Чүй облусунда — 119, Баткен облусунда — 122, Ош шаарында — 63, Нарын облусунда — 50 жана Талас облусунда — 52 киши ооруканаларда калууда.