Улукбек Кочкоров

Социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров парламенттик шайлоого «Биримдик» партиясы менен катыша тургандыктан кызматынан убактылуу кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу Кочкоров өзү «Клоопко» билдирди.

Кочкоров эмне үчүн «Биримдик» партиясын тандаганын түшүндүрүп берген. Анын айтымында, ал буга чейин аны колдогондорду эмес, программмасын колдогондорду издеп келген. Кочкоров сунуштаган программаны аталган партия колдоп, өзүнүн социалдык-экономикалык программасынын негизги өзөгү катары кабыл алган.

«Мен бул партияны тандашымдын эң негизги себеби ушул. Мага элдин жашоосун жакшыртуу идеяларымдын, программамдын ишке ашуусу маанилүү. Бийлик системасы – бул идеяларымды ишке ашыруу инструменти», - деген ал.

«Биримдик» партиясы съездинен кийин жарыялаган тизмеде Улукбек Кочкоров экинчи орунда. Ошондой эле, бул партияны шайлоого экс-депутат Акылбек Жамангулов баштап барат. Андан сырткары партия ачыктаган тизмеде учурдагы депутаттар - Төрөбай Зулпукаров, Евгения Строкова, Аида Касымалиева, Марат Аманкулов, Айбек Алтынбеков жана Бакирдин Субанбеков бар.

Буга чейин Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен шайлоого аттангандыктан кызматынан кеткен.

«Биримдик» партиясын учурдагы бийлик менен жана депутат Асылбек Жээнбеков менен байланыштырышат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген.