Исмаилова, Турганбаев, Аманкулов парламенттик шайлоого катышат

Мелис Турганбаев, Аида Исмаилова жана Канат Аманкулов

Өкмөттүн басма сөз кызматы 24-августта премьер-министр Кубатбек Боронов министрлер кабинетинен шайлоого бара турчу беш аткаминердин кызматтык милдеттерин убактылуу токтотконун билдирди.

Алар: Вице-премьер-министр Аида Исмаилова, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров, Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Шумкарбек Адилбек уулу.

«Кызматтык милдеттер шайлоонун жыйынтыгы белгилүү болгонго чейин токтотулду», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Улукбек Кочкоров парламенттик шайлоого — Сооронбай Жээнбековдун агасы Асылбек Жээнбеков катарында бар болгондуктан бийликчил деп эсептелген — «Биримдик» партиясы менен барат.

Ал эми дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык деп эсептелген «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен шайлоого аттанган.

Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев болсо шайлоого «Замандаш» менен барууну пландап жатат.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова менен Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Шумкарбек Адилбек уулу кайсы партия менен бараары белгисиз.

Ошол эле учурда Аида Исмаилова ушул чакырылыштагы парламенттин депутаты болгон — ал Жогорку Кеңешке 2015-жылы « Республика-Ата Журт» партиясынан келген.

Парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. 24-августта Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышууну пландаштырган партиялардын акыркы документтерин кабыл алды жана аларды 4-сентябрга чейин карап чыгат.

Ошол күнү эле учурда, 3-октябрда аяктай турган шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат. Башында 44 саясий партия шайлоого катышууну каалаган. Бирок 24-августка чейин алардын саны 17ге чейин кыскарган.