Саламаттык сактоо министрлиги: Азырынча коронавируска каршы күрөштү токтотууга эрте

Нурболот Үсөнбаев

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 28-августтагы брифингде өлкөдө коронавирус инфекциясы менен пневмониянын жайылышы уланып жатканын белгиледи. Мындан улам ал жарандарды беткап тагынып, аралыкты сактоого чакырды.

«Катталып жаткан учурлар калктын арасында коронавирус инфекциясы менен пневмониянын жайылышы уланып жатканынан кабар берет. Беткап тагынууга, аралыкты сактоого, кол жууганга жана башка санитардык эрежелерди аткарууга көңүл бурушубуз керек. Азырынча коронавируска каршы күрөштү токтотуп, өзүбүздү бош коё бергенге эрте», — деди Үсөнбаев.

Акыркы суткада коронавирустун 128 жаңы учуру катталды. Ошол эле учурда 234 бейтап айыкты.

Жалпысынан Кыргызстанда 18-марттан тартып COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 43 587ге жетти. Алардын ичинен 37 726 бейтап айыгып, 1 058 киши дүйнө салды.

Бүгүнкү күндө COVID-19 менен ооруган 810 бейтап ооруканада дарыланып жатат. Мындан сырткары 4 744 киши үй шартында дарыланууда.