Ош шаарында Эгемендүүлүк күнү белгиленди, кечинде салют атылат

Ош шаарында өткөн майрамдык иш-чара. Сүрөт: Тойчубек Боронбаев / Kloop.kg

Ош шаарынын борбордук аянтында Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү. Быйыл Кыргызстан эгемендүүлүк алганына 29 жыл болду.

Иш-чарага калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов жана коронавирус пандемиясына каршы күрөшкөн медицина кызматкерлери, санэпидемдин жана ӨКМдин өкүлдөрү, ошондой эле, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, тургундар катышты.

Андан сырткары шаардагы эс алуучу жайларда бир сааттан концерт уюштурулмакчы, ал эми кечинде борбордук аянтта салют атылат. Ош мэриясы майрам уюштурууга канча каражат жумшаганы азырынча белгисиз.

Ушундай эле иш-чара Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында да өттү. Ага өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков катышты. Бишкек мэриясы Эгемендүүлүк күнүн белгилөө үчүн казынадан 2 млн 700 миң сом сарптады.

Пандемияга байланыштуу март айынан тартып бардык массалык иш-чараларга тыюу салынган болчу. Өлкөдө Өзгөчө кырдаал режими сакталууда. Анткени коронавирустун жаңы учурлары азайганы менен инфекцияга чалдыккандар күн сайын катталууда.

Мындан улам Саламаттык сактоо министрлиги беткап тагынып, социалдык аралыкты сактоого чакырган. Ошондой эле, коронавируска каршы күрөш уланып жатканын билдиришкен.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 43 898ге жетти. Алардын ичинен 38 459 бейтап оорудан айыкты — бул жалпы оорулуулардын дээрлик 88 пайызын түзөт. Коронавирус 1 059 кишинин өмүрүн алды.

Бүгүнкү күндө коронавирустан 715 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Ошондой эле, 4 818 киши үй шартында дарыланууда.