Коронавирус дагы 60 кишиден аныкталды — жалпы 43 958 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 1-сентябрдагы брифингде коронавирустун жаңы 60 учуру катталганын маалымдады. Ооруга чалдыккандардын 23үндө COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 37синде клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Баткен облусу — 16;

Жалал-Абад облусу — 14;

Бишкек — 13;

Ош облусу — 7;

Чүй облусу — 2;

Ысык-Көл облусу — 3;

Талас облусу — 3;

Ош шаары — 1;

Нарын облусу — 1.

Ал эми акыркы суткада коронавирус жуккан бейтаптардын 190ну айыкты. Илдеттен арылгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 106. Ошондой эле, илдеттен Жалал-Абад облусунда — 19, Ысык-Көл облусунда — 6, Чүй облусунда — 5, Ош шаарында — 18, Баткен облусунда — 13, Ош облусунда — 14, Талас облусунда — 9 бейтап сакайып үйлөрүнө чыгарылды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 43 958ге жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 17 607. Ал эми Чүй облусунда — 5 382, Ош облусунда — 4 127, Жалал-Абадда — 4 236, Ысык-Көлдө — 3 729, Ош шаарында — 3 400, Баткенде — 2 362, Нарын облусунда — 1 705 жана Талас облусунда — 1 410 учур катталды.

Ошондой эле 38 649 бейтап оорудан айыкты — бул жалпы оорулуулардын дээрлик 88 пайызы. Ооруканаларда 704 бейтап калууда. Инфекция жалпы 1060 адамдын өмүрүн алды.

1-сентябрга карата коронавирус дагы үч медкызматкерден табылды. Чүй облусунан бир жана Баткен облусунан эки медик коронавируска чалдыккан.

Ал эми бир суткада эки медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үйүндө дарыланып жаткан он медицина кызматкери сакайды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 136га жетти, 2 483 медкызматкер илдеттен айыкты.