БШК экс-депутаттын «Бүтүн Кыргызстан» партиясына тизме боюнча даттануусун карайт

Экс-депутат Турсунбай Бакир уулу. Сүрөт: АКИpress

Борбордук шайлоо комиссиясы экс-депутат Турсунбай Бакир уулунун «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесине байланыштуу жазган арызын карайт.

Бакир уулу «Азаттык» басылмасына билдиргендей, ал «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын 19-августта өткөн курултайында бекитилген талапкерлердин тизмесин кайтарууну талап кылат.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлү Айданбек Акматов «Клоопко» партиянын курултайында талапкерлер көргөн тизме мисал катары берилген деп ишендирди.

«Варианттар көп болгон. Лидер өзү да [Адахан Мадумаров] кеңеш салып, анан ар биринен сенин көз карашың боюнча тизме кандай болуш керек деп, мисалы жаштар көп болгону жакшыбы же дагы башка деп сураган. Регионалдык баланстар да сакталышы керек деп каралган», — дейт Акматов.

Акматовдун айтымында, Турсунбай Бакир уулунун мисал катары берилген вариантты тизме деп атаганы туура эмес. Мындан сырткары Акматов Шайлоо кодексинин 61-беренесинин 10-пунктуна таянып, саясий партиянын лидери тизмедеги кээ бир кандидаттарды добуш күнүнө беш күн калганда тизмеден чыгарып салууга укуктуу экенин кошумчалады.

Ал эми БШКдан «Клоопко» партиялар курултайда бекиткен тизмени өзгөртө албайт деп билдиришти.

Турсунбай Бакир уулунун тизмеден чыгып калышы

Экс-депутат 25-августта өзү курган басма сөз жыйынында партия аны тизмеден чыгарып салганын айткан. Бакир уулунун айтымында, ал партиянын курултайында белгилүү бир талапкерлер тизмеси үчүн добуш берген. Бирок шайлоого аз калганда тизме өзгөртүлүп, ал 22-орунга түшүп калган, андан кийин такыр эле тизмеден жоголуп кеткен.

Ошондой эле Бакир уулу партиядан тизмедеги мурдагы орунуна кайтуу үчүн андан 200 миң АКШ долларын сураганын айткан. Мындан сырткары экс-депутат партиянын лидери Адахан Мадумаровдон талапкерлердин мурдагы тизмесин кайтарууну талап кылып, болбосо сотко берерин билдирген. Бакир уулунун айтымында, съездде каралган тизмеде ал №13 орунда болгон.