«200 миң $ бере албаймын». Бакир уулу «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен соттошууга даяр

Турсунбай Бакир уулу. Сүрөт: Акипресс

Экс-депутат Турсунбай Бакир уулу басма сөз жыйын өткөрүп, анда «Бүтүн Кыргызстан» партиясы аны тизмеден чыгарып салганына даттанды. Бакир уулу аталган партия менен парламенттик шайлоого барууну пландап жаткан.

Мурдараак, соцтармактарда ал саясий партиядан кеткени тууралуу маалымат пайда болгон, бирок экс-депутат бул маалыматты четке какты.

«Кимдир бирөө мени “Бүтүн Кыргызстандан” чыгып кетти деп ушак таратты. Мен кеткен эмесмин. Ал эми мен партиянын тизмесинде эмне үчүн жок болуп калганымды эртең билесиңер», — деп жазган ал 25-августта.

Бакир уулу эмнеге нааразы?

Анын айтуусу боюнча, ал партиянын съездинде белгилүү бир талапкерлер тизмеси үчүн добуш берген, бирок шайлоого аз калганда тизме өзгөртүлүп, ал 22-орунга түшүп калган, андан кийин такыр эле тизмеден жоголуп кеткен.

«“Бүтүн Кыргызстанга” менден кийин келген адамдар Боршайкомго тапшырыла турчу тизмени түзүшкөн болчу. Анын үстүнө, ал съездде добушка коюлбаган тизме болуп чыккан», — деди ал.

Бакир уулунун айтымында, партияга акча бергендер тизмеде андан алдыда турган орундарда жайгаштырылган.

«Алар канча төлөштү деп сурадым. Курсан Асанов: “Агай, таарынбаңыз, алар 200 миң доллардан беришти” деп жооп берди. Мен 200 миң доллар бере албаймын. 10 миң доллар десең дос-туугандардан таап берейин дедим. “Адахан мен эркекмин сөзүмдө турам, арткы орунда болсом да иштеп берем” деп чыгып кеттим», — дейт Бакир уулу.

Экс-депутат партиянын лидери Адахан Мадумаровдон талапкерлердин мурдагы тизмесин кайтарууну талап кылууда, болбосо сотко жана БШКга кайрыларын айтып коркутту.

«Съездде менин фамилиям №13 орунда болчу», — дейт мурдагы депутат. Бакир уулу анын «Эркин Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү «Бүтүн Кыргызстандын» тизмесинде бир топ төмөн жакта жайгашканына жана алардын парламентке өтүшү күмөндүү экенине нааразы болду.

Ага партиянын талапкерлери да жаккан эмес.

«Партияга кылмыш иштери бар адамдар, “чимкириктер” кошулуп жатат деп Мадумаровго эскерткем. Элдин алдында кантип актанабыз деп сурадым. Чынчыл адамдарды алдык дейбиз, бирок анда эмне үчүн тизмеде олигархтар, депутаттар жана кылмыш иштери бар адамдар бар?» — дейт ал. Турсунбай Бакир уулу партиялаштарынан аны соцтармактарда жемелебөөнү өтүндү.

Адахан Мадумаров

«Бүтүн Кыргызстан» — парламенттин мурдагы спикери Адахан Мадумаровдун партиясы. Партия шайлоого дайыма катышып келет. Мындан тышкары, Мадумаров өзү дагы президенттик шайлоого да катышкан, бирок акыркы шайлоодо Сооронбай Жээнбековго жеңилип калган.

Темир Сариев

Жакында эле партия «Ак-Шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев менен бириккени маалымдалган. Бирок, жыйынтыгында Сариев «өз принциптеринен улам» «Бүтүн Кыргызстандан» кеткенин айткан.

Өмүрбек Суваналиев

Партиянын башка талапкери, «комиссар Каттани» деген ылакап аты менен таанымал болгон мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев «бийликтин партиялары» менен араздаша кеткен. Ал мындай сөз менен «Замандаш», «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партияларын айткан. Анын айтуусу боюнча, алардын артында кримтөбөл Камчы Көлбаев турат. ИИМ ага жооп кылып, ал министр болуп турганда кримтөбөл Рыспек Акматбаев парламенттик шайлоого катышып, утуп кеткен деп эскерткен.